Бугу 01, 2024
Убакыт: 22:13
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Жарыла элек “бомбаны” Кыргызстанга алып барып, элди азапка салбайбызбы?

04.05.2020 22:03
864
Жарыла элек “бомбаны” Кыргызстанга алып барып, элди азапка салбайбызбы?


Бир айдан ашты, коронавирус деген балээ бизге да келгенине. Биринчи шылдыңдадык, экинчи тоготподук, кыргызга тийбейт бул, жок нерседедик. Кыргыз качан өзүнө тийбесе, өзү көрбөсө ишенбейт экенбиз. Жакындан бери менин жанымда жүргөн адамдар ооруп, кулап калганда гана бул нерсеге олуттуу карабасак болбой турганына көзүм жетти. Москвада ооруганды айтпайын, ушу ооруудан өтүп кеткен кыргыз көбөйө баштады. Кечээ эле экөөсү көз жумганын уктум (Достоверная информация). “Оорууну жашырсаң өлүм ашкере кылат деген эми болду окшойт.


Мекендештерим, туугандарым, жакындарым, бул нерсеге олуттуу карабасак болбойт экен. Кээ бир адамга жеңили тийип, гриппке окшоп эле өтүп кетсе, кээ бирин кулата чаап, өлүмгө чейин алып барганын биле баштадык. Азыр Россияда ишке жарамдуу жаштар менен көбүнчө орто жаштагылар болсо, айылда көбүнчө аксакалдар. Канчасы менен сүйлөшсөм, качан чек араны ачат экен, качан кете калсам деген эле мигранттар. Өзүбүз билгендей, бир аз гана адам чет жактан билбей жуктуруп калып, аны көңүлкоштук кылып, өткөрүп жиберишип, ошонун дартынан мамлекетке миллиарддаган доллар зыян болду. Эми болсо жүз миңдеген адам ооруп аткан Россиядан миң эле адам жуктуруп барсак, канча катастрофа болоорун элестеткиле?


Учурдан пайдаланып канча саясатчы пиар кыла коюп жатышат, силерди алып келе коёлу, самолет учурса болот го деп чиновниктерди тепкилеп. Мен чиновниктерди коргогум келбейт, бирок алар макул деп Россия, Казакстан чек арасын ача койсо дейли. Эми ошончо агып барган мигрантты бирден текшерип, обсервация кылып, анан өткөргөнгө мамлекеттин күчү жетеби? Кыргызстаныбыздын тагдырын баарыбыз ойлосок туугандар. Каткан нан болсо да жеп олтуруп турсак. Эгер билети бар, ооруп аткан, өтө зарыл адамдарды алып барсак да тыкыр текшерсек. Анан бул жактагы мигранттарга жардамды көбөйтсөк. Бүгүн эле сомодой болгон жигиттер чыкты мага, ава чынында кыйналдык, бизге жардам жок, иштейли десек жумуш жок, чыгалы десек көбүнүн документи туура эмес экен, менттер” акча жок кезде кармап штраф салып атат деп.


Мекендештерим, туугандарым, чынында мамлекетке согушка окшош абал келди, эми тилди тишке катып, чыдап берүү керек болуп жатат. Кыргызстанда олтурган ата-энебизди, тууган-уругубузду ойлосок сабыр кылып туруу керек болуп жатат. Бул нерсе стабилдешкенге чейин. Антпесек жарыла элек бомбаны биз алып бара турган болуп жаткандай сезилип жатат. Мен мамлекеттик чиновник эмесмин, ал жактан акча, же башка алып, ошолордун сөзүн жазып атат жеп тепкилебегиле. Мен деле жөнөкөй эле жүк ташыган машинанын шоопуру экенимди көбү эле билет. Андан көрө шайлоодо пиар кыламын деп катып койгон акчаңарды берип реклама кылганча соопко иштегиле, эртең депутат болом деп чамынып тургандар, саясаттан миллиардер болгондор!


Толкунбай Аматов, Россиядагы мигрант

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн