Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жарылган от казан акыркы жолу 2023-жылы декабрда оңдолгон, - Энергетика министрлиги

Жарылган от казан акыркы жолу 2023-жылы декабрда оңдолгон, - Энергетика министрлиги


«Кырсык болгон от казан акыркы жолу 2023-жылы декабрда оңдолуп, 31-декабрда ишке берилген», - деп билдирди бүгүн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов.


Анын айтымында, кышка даярдык кадимкидей жүрүп жаткан. Көмүр жетиштүү болуп, жаратылыш газы үзгүлтүксүз берилип турган.


«Жабдуулар текшерилгенде мындай кооптонуулар болгон эмес. Бул өзгөчө кырдаал, кырсык. Жабдуулар эски, стандарттык кызмат мөөнөтү өтүп кеткен, от казан 1970-жылдары ишке киргизилген. Андан соң зарылчылыкка жараша капиталдык жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Авария болгон от казан акыркы жолу 2023-жылдын декабрь айында оңдолуп, 31-декабрда ишке берилген», - деди Насипбек Керимов.


Эске салсак, бүгүн түндө Бишкек ЖЭБде авария болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн