Бугу 15, 2024
Убакыт: 21:53
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жарым жылда Кыргызстан 302,7 миллион долларга 4,8 тонна алтын экспорттогон

15.08.2023 11:20
402
Жарым жылда Кыргызстан 302,7 миллион долларга 4,8 тонна алтын экспорттогон


2023-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстан 302,7 миллион долларга 4,8 тонна алтын экспорттогон. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирет.


Өткөн жылдын ушул мезгилине карата 609,6 миң долларлык 64,4 килограмм гана алтын экспорттолгон. Ошол эле маалда январь-май айларындагы маалымат 1,7 тонна гана алтын экспорттолгондугун көрсөткөн.


Бул бир айдын ичинде эле экспорт 2,7 эсеге өскөн дегенди билдирет.


Баалуу металлдын экспортунун негизги бөлүгү Швейцарияга туура келип, алар 250 миллион долларга 3,9 тоннаны экспорттогон. Кызыгы, май айындагы маалыматтар алтындын экспортун 1,2 тонна деп көрсөттү.


Швейцарияга алтын жеткирүү 30 күндүн ичинде 3,2 эсеге өскөн.


Швейцарияга сатылган алтындын баасы 1 граммы 63 долларды, же унциясы үчүн 1960,4 долларды түзөт. Бул Лондон биржасында баалуу металлдын наркынан бир аз жогору. 14-августка карата биржада алтындын унциясы 1914,57 долларга бааланган.


Ошондой эле Кыргызстан Гонконгго 31,4 миллион долларга 517,8 килограмм, БАЭге 21,2 миллион долларга 334,9 килограмм алтын экспорттогон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн