Бугу 06, 2024
Убакыт: 22:52
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз автобекети” ишканасынын кирешеси 44,2 млн сомду түздү

25.07.2023 14:38
387
Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз автобекети” ишканасынын кирешеси 44,2 млн сомду түздү


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиядагы материалдарында “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Темирбек Анаркулов баяндама жасады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Төмөндө Темирбек Анаркуловдун баяндамасынын тексти:

”2023-жылдын 25-июлунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү, анда министрлике караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишкананын   2023-жылдын 6 айындагы иштин жыйынтыгында  44 185 200 сом  киреше алынды. Ал эми 2022-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 38 412 400 сом түшкөн. Ошентип, 6 айдын ичинде иш жүзүндө 7 115 400 сом суммасында баланстык пайда алынды. Ал эми, 2022-жылдын ушул мезгилинде баланстык пайда 3 737 000 сом алынган. Өткөн жылга салыштырмалуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын баланстык пайдасы 90 % га өсүп келүүдө. 

2023-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча,  каттамдардын саны  206 800 түзсө, жөнөтүлгөн жүргүнчүлөрдун саны  1 980 200  жетти. 

2023-жылдын 1-жарым жылдыгында өздүк каражаттын эсебинен Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу автокассасынын  1625 м2 түзгөн автобустар токтоочу аймагына жана “Чыгыш автобекети” филиалынын аянты 2500 м2 аймагын асфальттоо иштери бүткөрүлдү.

Ошондой эле, Батыш автобекетинин аянты 4600 м2 болгон унаа токтоо аймагын фрезерленген асфальт менен тегиздөө иштери бүткөрүлдү.
“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы тарабынан башка кызыкдар мамлекттик органдар менен, тагыраагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыктар менен биргеликте, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жолдун жээгинде иретсиз турган мыйзамсыз жүргүнчү ташыган таксистерди иретке келтирүү үчүн автобекеттердин аймагына киргизүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат баяндамада.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн