Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 19:43
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Жармач патриотизм нукура патриотизмге айлана алабы?

27.03.2020 11:24
1195
Жармач патриотизм нукура патриотизмге айлана алабы?

Бир топ жылдардан бери карай биздин өлкөдө жармач патриоттордун көбөйгөнү патриотизм деген сөздүн да баркын кетирип салды. Ар бири өзүнүн кызыкчылыгындагы ишти патриоттуулукка байлай бергенден улам, патриотизм – кире бериштеги бут сүргүчтөй эле кейиптенип калгансыды. Ошондон улам алар менен жарышып бул теманы көтөрүү да бир топ ыңгайсыздык жаратты. Бирок, баары бир бул теманы, нукура патриотизм темасын көтөрүү зарылчылыгы келди.

 

Азыркы тапта биздин жаш мамлекет кезектеги коркунучка кептелди, мамлекеттүүлүгүнүн бекем же бекем эместиги сыноого кабылды. Биз буга чейин эч качан коркунучтуу эпидемия менен өз алдынча күрөшүп көргөн эмеспиз. Ошондон улам жетиштүү тажрыйба жоктугунан катачылыктар кетип, сын-пикирлер айтылууда. Алтургай айрымдар ачык эле келеке кылып, кубанычка батып жатышат. Алар бул эпидемия баарыбыздын башыбыздан айланып турган кара булут экенин эстерине албай жатышкан сыяктуу. Жалпы элдин башына оорчулук күн түшүп турган маалда акыл-эстүү адамдар биригиши керек эле. Мисалы, 1998-жылкы финансылык кризис маалында түштүк кореялыктар, Фукусима трагедия убагында япондуктар кандай биримдиктүү болушканын билебиз да. Өзүбүздүн элдин тарыхында деле Улуу Ата-Мекендик согуш маалында, ачарчылыкта, мамлекетти кайра калыбына келтирүү аракеттери учурунда бекем ынтымак жана эр жүрөктүүлүктү көрсөтө алганбыз. 


Азыр бизге эмне болду? Деградацияга кабылдык, өтө эле майдаландык. Себеби, баарыбызды бириктире турган, дем бере турган жалпы идея жок. Ар ким өз көмөчүнө күл тарткан гана жашоо болууда. 


Маалымат каражаттарында жазылып жаткан айрым маалыматтарга караганда, коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү үчүн бир катар мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да берилип жаткан эл аралык жардамдар 7%дан 15%га чейин уурдалып жатыптыр. Ошондой эле оффшордук зоналардагы каражаттардын чыгып жатканы боюнча да финансылык активдүүлүктөр байкалууда. Демек, мамлекетте уурулук дагы деле уланып жатат, абийирсиз адамдар жана чиновниктер дагы деле байлыкка тойбогондуктарын көрсөтүүдө. Абийир, ар-намыс, жалпы кызыкчылык дегендер дагы деле ойгон албай турат. Дүйнө жүзүнө биз япондордой же корейлердей боло албай турганыбызды далилдеп жатабыз. Абийирди, ар-намысты сактоо деген бизге тиешелүү эместей таасир калтырып отурабыз. «Биз улуу элбиз, кылымдарды карыткан тарыхыбыз, маданиятыбыз бар» деген төш каккан сөздөрүбүз биздин бүгүнкү жасап жаткан аракеттерибиз менен таптакыр айкалышпай калып жатат. Азыркы тапта баягы кыйкырып эле басып жүргөн укук коргоочулардын биринин да дымы чыкпайт. Салтту эмес сексуалдык карым-катышты жайылтууну каалагандардын укугун коргошсо, күйгүлтүккө түшүп кетчүлөр бүгүн элге бир ооз кайрылып, «үйдөн чыкпагыла, тазалыкты сактагыла, бул эпидемияны биргеликте жеңели» деп айтканга да жарабай турушат. Мына биздеги «патриотизм». Кризис кырдаалында коомчулукка диагноз коюуга мүмкүн экендиги да жакшы экен. Ал эми сырткы өнөктөштөр болсо, «булар менен чалгындоого барса болот бекен?» деп баа берип карап турушат. Бул сыноодон өтө алабызбы? 


Биздеги маанисиз революциялар, ашынган кошоматчылар, кандай жол менен болсо да байып алуу максаттары, уятсыздык, абийирсиздик, көралбастык, сабатсыздык, маданиятсыздык ансыз да мамлекетибизди талкалап бараткан. Эми пандемия коркунуч турат. Ушундай кырдаалда биз баарыбыз биригип, бир максаттын алдында жашай алабызбы? 


Бизде азыр бир гана ушул биригүү жана мамлекетибизди сактап калуу максаты болушу керек. Коронавирус пандемиясы да биздин саясатчылардын, элдин, баарыбыздын башыбыз биригип, бир гана максат – мамлекеттүүлүктү бекемдөө, аны күчтөнтүү керек экенин эскертип жатат. Тарыхка кылчайсак, 5 миллион калкы бар Финляндия убагында дүйнөлүк державалардын бири болгон СССРдин таасиринен бошонуу үчүн, өз эркиндиги үчүн биригишкенин, алтургай СССРге кошулууга макул болуп жүргөн саясатчылары да аягында өз эркиндиктери үчүн көпчүлүккө кошулушканын билебиз. Кичинекей Финляндия ири держава СССРге чабуул жасайт деген эч кимдин оюна да келген эмес. Аягында жеңишке жеткен, болгондо да аз чыгым менен. Анда финдерге караганда СССР көбүрөөк курмандыктарга. Чыгымга учураган. 


Чыныгы нукура патриотизм, биримдик деген дайым жеңишке жетелейт. Финдердин, япон, корейлердин тажрыйбалары бизге жетишээрлик үлгү болсо керек.


Канатбек Аскаров

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн