Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 05:37
USD
87.30
87.80
EUR
89.50
90.50
RUB
0.845
0.880

Жасалма акча жасап, аны таратуу менен алектенгендер кармалды

14.01.2025 17:47
55
Жасалма акча жасап, аны таратуу менен алектенгендер кармалды


Жасалма акча таратуу менен алектенген жасалма акча жасоочулар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө КР жарандары тарабынан жасалма чет элдик валюта банкнотторун таратуу фактысын аныктаган.

Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, натыйжада жүгүртүүдө жасалма чет элдик банкноттор пайда болгонун тастыктаган корутунду алынды.

Бул боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжада КР жарандары М.И.М. жана С.К.Д. жасалма акчаларды сатуу жана ага ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында эски автоунааларды сатып алуу жана сатуу бизнесин уюштургандыгы жана төлөмдөрдү жасалма чет элдик банкноттор менен жүргүзүшкөндүгү аныкталды.

2025-жылдын 13-январында аталган жарандардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор алынып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.

М.И.М. жана С.К.Д. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК жогоруда аталган мыйзамсыз иштерге тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле жасалма акчалардын келип чыгуу булактарын аныктоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн