Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жасалма чапан, жасалма бата, кур жалак калат куруган журтум

06.01.2021 10:04
1079
Жасалма чапан, жасалма бата, кур жалак калат куруган журтум

БҮТСӨ ЭКЕН.

Кыйнаган,шайлоо кыйнаган үгүт,

Кыйын күн келди кыйкырып жүрүп.

Аша чаап коштоп,колдодуң журтум,

Акталаар бекен ар кошкон үмүт.


Жасалма чапан, жасалма бата,

Жасалма сакал,жасалган ата.

Сөгүнөт кыздар,сөгүнөт балдар,

Ооз чойот опсуз ОБОНчу апа.


Ар жерде топтоп тамаша курдуң,

Төрүңдү ээлеп жору да,кузгун.

Кузгундар көрүп урматын,сыйын,

Кур жалак калат куруган журтум.


Жорулар конуп башына талдын,

Тоюнбайт чөнтөк, тоюнбайт алкым.

Жорулар тойлоп жородо,сыйда,

Жолдо эле калат алданган калкым.


Килемин жайып баарысы дайын,

Мингизип атын,союшуп тайын.

Сөөк, чарым артып шайлаган элге,

Бөрүлөр талайт эт менен майын.


Жеткени жетет жазга же күзгө,

Бөлүндү бир журт чачылып жүзгө.

Ошолор үчүн бириңди бириң,

Жеттиңер окшойт жеп ийчү күнгө.


Кечээки үмүт, азыркы үмүт,

Акыркы болбойт а бирок күйүп.

Үмүттөр өчөт, жаңырып жанат,

А бирок болбойт акыркы үмүт!


Саясат айтып бөлүнбө журтум,

Ал дагы кузгун, бул дагы кузгун.

Жорулар үчүн сыйыңдан кетпей,

Кичүүнү сөкпөй, улууну уккун.


Бөрүлөр жүрөт бөлүнүп бөртө,

Урууга бөлүп кескилеп керте.

Бүтөлбөйт тешик, бүтөбөйт эч ким,

Бүтсө экен деги шайлоосу эрте!


"Мен эле мен"- дейт калптарын айтып,

"Мен"-деген менден бүтпөдүк жалкып.

Мен үчүн билем мекенди сатчу

"Мен "-деген эмес МЕКЕНИМ артык!


Карагулов Кубатбек

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн