Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 19:00
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Жасалма дем алдыруучу 624 аппарат бар, запас жетиштүү,-министр

19.03.2020 09:49
1467
Жасалма дем алдыруучу 624 аппарат бар, запас жетиштүү,-министр


Жасалма дем алдыруучу аппараттар жетиштүү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бүгүн, 19-мартта маалымат жыйында билдирди. 


Анын айтымында, андай аппарат жок операция же башка дарылоонун оор түрлөрү жасалбайт. Учурда 624 даана жасалма дем алдыруучу аппарат бар.


"Коронавирус күчөп кетүүсү мүмкүн жагдайды эске алып, азыр резервде кармап турабыз. Бизнесмендер тарабынан жардам беребиз деген да сунуштар болуп жатат, - деди министр


Ал кошумчалагандай, Кытай медиктеринин айткан статистика боюнча мындай аппаратты жуктуруп алган адамдардын 5 гана пайызына колдонулган.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн