Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жасалма дипломдорду жасап саткан чет элдик жаран кармалды

18.05.2023 19:56
342
Жасалма дипломдорду жасап саткан чет элдик жаран кармалды

Чет өлкөлүктөр үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын бүтүргөндүгү тууралуу дипломдорду жасалма жана сатууну уюштурган чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан УКМК кызматкерине 1000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берип жаткан учурунда М.А. аттуу чет элдик жаран кармалды. Кылмыш ишинин алкагында КР ЖОЖдорун бүтүргөнү тууралуу жасалма дипломдорду иш жүзүндө окубаган чет элдик жарандарга таратуу, ошондой эле документтерди жасалмалоо, башка мамлекеттерде билим алганын тастыктаган, анын негизинде биздин окуу жайларга андан ары билим алуу үчүн которулгандыгы үчүн канал уюштурганы аныкталды.


Кармалган М.А. аттуу жарандын жашаган жеринен тинтүү учурунда 610 миң сом жана 31 миң АКШ доллары өлчөмүндө накталай акча каражаттары, ошондой эле КР жогорку окуу жайларынын дипломдору жана жасалмалуулуктун белгилери бар башка документтер табылып алынды.


Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн