Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:35
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жасалма документтер менен алектенген Финполдун мурдагы кызматкери кармалды

08.02.2021 11:22
670
Жасалма документтер менен алектенген Финполдун мурдагы кызматкери кармалды

ИИМдин ТИИБдин  кызматкерлери РФдин аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФдин дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон фактыны аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын кызматкерлери  РФдин аймагына учуп кетүү үчүн жарандар РФдин дарылоо мекемелеринин жасалма медициналык тактамаларын колдонгон факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-иликтөө жана тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны, “Каржы полициясынын” мурдагы кызматкери,  “Беш-Сары” соода борборунда жайгашкан “Тумар”  жеке авиакассасында иштеп жүргөн Ж.А. кармалды. Андан медициналык мекемелердин жана дарыгерлердин, анын ичинде Москва шаарынын дарылоо мекемелеринин бир нече  жасалма мөөрлөрү, штамптары табылып алынган. 


Шектүү Ж.А. жабырлануучуларды алдап,  кандайдыр-бир документтерди сунуштап, РФге учууга жардам бере тургандыгын  айткан. Материал КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 359-беренеси (Документтерди жасалмалоо) боюнча катталды. 


 Андан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматына жаран Т.Н. кайрылып, 46050 сомго “Бишкек-Москва” каттамы боюнча билет жана жасалма медициналык тактама сатып алгандыгын  билдирген. 


 Кыргыз Республикасынын ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы шектүү Ж.А.нын мыйзамсыз аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү номурлар аркылуу ички иштер органдарына кайрылууну суранат: ИИМдин Транспорттогу ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүгү-0312 35-12-70, 0701 35-12-70, уюлдук телефон-0708 00-36-19.

 Азыркы учурда тергөө амалдары уланууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн