2021-жылдын 23-январь күнү Нарын облусунун Ак-Талаа районунунда атайын рейд учурунда Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Нарын өкүлчүлүгүнүн Ак-Талаа районунун аңчы адиси Молдожакыпов Улан, эгери Аскарбеков Кайрат, айдоочу Бактыбеков Жанчар жана “Илбирс” коргоо фондунун өкүлү Сыдыков Нарсбек болуп биргелешкен рейд учурунда 24-январь 2021-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районун Турук өрөөнүнүн “Сай-Ачык” аймагында 1 (бир) баш жапайы тоо текени аткан браконьерлер 3 (үч) сайлуу мылтыктар менен 4 (төрт) адам кармалып, ошол эле күнү саат 18-50 чамасында Нарын облусунун Ак-Талаа районун ички иштер бөлүмүндө жоруктар бирдиктүү реестрине катталып, 1 (бир) баш тоо текени тушу жана 1 (бир) Сайга карабини, 2 (эки) КО үлгүсүндөгү ок атуучу куралдар өткөрүп берилди.
Азыркы учурда бул факты боюнча, укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн