Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 19:42
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жаш ыктыярчылар Балбак Түлөбаевге эскертүү берди

05.02.2021 11:43
682
Жаш ыктыярчылар Балбак Түлөбаевге эскертүү берди


Жаныбарларды коргоочу жаш ыктыярчылар тобу Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевге эскертүү беришти. Бул тууралуу ыктыярчылар 24.кг агенттигине билдирген.


Жаштардын мэриянын "Тазалык" муниципиалдык ишканасынын кызматкерлери жасаган ишке нааразы. Алар  көчө иттеринин атылышы боюнча бир топ мыйзам бузуу болуп жатканын кошумчалаган.


"Тазалыктын" кызматкерлери күндүз болсун, түнү болсун көчөдөгү иттерди атып жатат. Алар көп кабаттуу үйлөрдүн, мектептердин, балдардын оюн аянтчасында, бала бакчалардын алдында жана көчөлөрдө адамдардын жана жаш балдардын көзүндө иттерди атып жатканы туура эмес. Алар психикалык жактан жабыркайт. Анын үстүнө мыйзам боюнча мэрия 2 жума мурда эскертүү берип, таңга маал гана иттерди атууну жүргүзүш керек",- дейт ыктыярчылар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн