Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 13:54
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Жаш ишкер: Пандемиядан улам бизнести онлайнга өткөрүүгө мажбур болдук

26.06.2020 18:05
1135
Жаш ишкер: Пандемиядан улам бизнести онлайнга өткөрүүгө мажбур болдук


Коронавирус пандемиясынан улам ишкерчиликти онлайн форматка өткөрүүгө мажбур болдук. Мындай пикирин Perspective-English эл аралык окуу борборунун негиздөөчүсү Искендер Самарбеков билдирди. 


Анын айтымында, пандемияга чейин Кыргызстан боюнча эл аралык окуу борборунун 20дан ашык филиалдары иштеп жаткан. 


"Биз бир эле Кыргызстанда эмес, Казакстан, Өзбекстан жана Россия сыяктуу өлкөлөрдө дагы иштеп келгенбиз. Эпидемиологиялык абалга байланыштуу баардык филиалдар аралыктан иштөөгө өтүштү. Буга чейин биздин борборго суроо-талап көп болгон. Бир күндө 100-150 билдирүү кабыл алчубуз. Азыр анын саны үч эсе кыскарды. Кардарлар келбей калгандан тышкары, чек аралар жабык болгондуктан студенттерди чет өлкөлөргө окууга жөнөтө албай калдык", - деди Искендер Самарбеков. 


Анын айтымында, бул маселе башка өлкөлөр чек араларын ачмайынча бүдөмүк бойдон калат. 


"Пандемия жалпы экономикалык кризиске алып келгени анык. Окуу борбордун ишин улантуу үчүн биз имараттарды ижарага алганбыз. Ижарага бергендер пандемияга жана кризиске карабай, акыларын сурашты. Өкмөт болсо жеке тармакка кийлигише алган жок", - деди жаш ишкер. 


Ал белгилегендей, кыйынчылыктарга карабай ишкерчиликти онлайн форматта жүргүзүшүүдө. 


"Аралыктан иштөөгө өткөндөн кийин көпчүлүк студенттер окууларын токтотуп коюшту. Ал эми кээ бири онлайн форматта окуусун улантууда. Буга карабай, Кыргызстандын аймагынан жана коңшу өлкөлөрдөн, Украида жана Израилден дагы аралыктан окууга каалоосу бар адамдар болду",  - деди И.Самарбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн