Кулжа 01, 2025
Убакыт: 19:51
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.105
1.140

Жаш кезде түптөлгөн кам көрүү – узак жашоонун белеги

31.05.2025 11:25
66
Жаш кезде түптөлгөн кам көрүү – узак жашоонун белеги


Эгер сен 25-35 жашта болсоң, бул текстти сөзсүз оку. Жаш кезде “баарын кийин кылам” деп ойлойбуз: “Ден соолук калыбына келет, күч кайтып келсе, уйку оңолот, бир күнү жасайбыз” деп. Бирок дене – бул аманат. Аны сактоону кийинкиге калтырган болбойт. Ал үйдүн пайдубалы сыяктуу: азыр бекем салбасаң, 40тан кийин жарака кетет. Жөн эле “жаштык өттү” дебестен, ооруканага түшүшүң мүмкүн.


Жакында мага 28 жаштагы кыз кайрылды. Эртең менен ойгонуу кыйын, жумушка көңүлү жок, түнкүсүн уйку келбейт. Анализдерди көрдүк – дефициттер, стресстин таасири, гормоналдык чарчоо. Анын биринчи сөзү «баарын туура кылып жатам го, эмнеге мынча чарчап жатам?» деген болду. Бул жерде чоң суроо туулат: жаштык – темир калкан эмес. Бул – келечектеги ресурсту түптөгөн учур.


Илим эмне дейт?


- 20-30 жаштагы уйку – мээнин келечегин аныктайт. University of California изилдөөсүнө ылайык, жаш кезден бери уйкусу жетишсиз болгон адамдарда акыл-эстин начарлоо коркунучу эки эсе жогору. Бул жөн эле сандар эмес. Элестет, сенин мээң компьютер. Эгер аны эс алдырбай, дайыма иштетсең, бир күнү токтоп калат. 


Жүрөк көнбөйт. Ал чарчайт. ДССУнун маалыматына ылайык, 30 жаштагы адамдар арасында инфаркт 17% көбөйгөн. Көп кыздар өзүн “жөн эле эмоционалдуу” деп ойлошот. Бирок жүрөк жоголгон энергиянын биринчи белгисин берет.


Иммунитет өзү эле калыптанбайт. Ага дайыма кам көрүү керек. Кыргызстанда ар бир үчүнчү жаш адамдын кан басымы жогору экенин укканда таңкаласың. Ал эми өзү эмне дейт? «Батарейка түгөнүп жаткандай сезилет…».


“Кийин уктап алам” дебе. “Кийин формага келем” деп айтпа. Эгер азыр чарчап жүрсөң, көңүлүң жок болсо, бул жөн эле кокустан эмес, денеңден келген сигнал. 25 жашта өзүңө кам көрүү өзүмчүлдүк эмес. 35 жашта “жанып” кетпөөнүн бирден-бир жолу. Сен азыр өзүңө керексиң. Жашоо – учурдун талабы!


Эгер бул тексттен өзүңдү таанысаң, унчукпай жүрө бербе. Досуң менен бөлүш. Балким, ал да көптөн бери өзүн ушундай эле сезип жүргөндүр. “Мен чарчадым… бирок баарын улам кийинкиге калтыра берем” деп.    



Эрмек Исмаилов

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн