Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:35
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жаш кыргызстандыктардын арасында кайсы кесип эң популярдуу болууда?

09.10.2023 09:46
207
Жаш кыргызстандыктардын арасында кайсы кесип эң популярдуу болууда?


Улуттук статистика комитети жаш кыргызстандыктар арасында эң популярдуу кесиптерди атады. Маалыматтар “Кыргыз Республикасындагы билим берүү жана илим” баяндамасында камтылган.


Тандалган билим профилине ылайык, жаштар арасында экономист, чет тилдердин котормочусу, дарыгер, юрист, инженер-энергетик, программист, куруучу жана менеджер кесиптери эң популярдуу экени такталган.


Акыркы жылдарда «педагогика» (1,9 эсе), саламаттыкты сактоо жана техникалык илимдер (1,5 эсе) адистигин тандап алгандардын саны бир кыйла өскөн.


Ошол эле учурда табигый илимдер (29 пайызга), менеджмент (23 пайыз) жана укук (4 пайызга) боюнча окуган студенттердин саны кыскарган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн