Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 11:15
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Жаш мугалимдер Японияда акысыз окуй алат

13.02.2020 11:16
625
Жаш мугалимдер Японияда акысыз окуй алат


Кыргызстандагы мугалимдер Японияда акысыз окуй алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты. Бул программага 35 жашка чейинки мектеп мугалимдери гана катыша алат. "Жаш окутуучулар үчүн" деп аталган бул долбоорго талапкер болгондордун тажрыйбасы беш жылдан кем эмес болушу керек. "Тандоо эки этап менен өтөт. 4-мартта жазуу түрүндө тест болот. 11-мартта маектешүү жүрөт. Япон тилин кошумча үйрөнөм дегендер аталган өлкөгө барганда алты ай бою тил курсуна катышат", — деп жазылат маалыматта.


Талапкерлер билдирме-анкетаны 2020-жылдын 28-февралына чейин Япония элчилигине жеткирип бериши керек. Дареги: Бишкек шаары, Раззаков көчөсү, 16.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн