Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Россиядагы жол кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу Бакиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Россиянын Ульяновск шаарында болуп өткөн каргашаны угуп жүрөгүм катуу ооруду.
Бүткүл жашоосу алдыда турган, ойносо оюнга тойбогон, турмуш сапарына жаңы эле чыгышкан жаш балдарыбыздын кыйылган өмүрлөрү, сөз менен айтып болбой турган кайгылуу окуя деп ойлойм жана алардын ата-энелерине, жакындарына өзүмдүн, үй бүлөмдүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылгыла, жакындарын жоготкон мекендештерим",- деп айтылат Курманбек Бакиевдин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн