Бугу 15, 2024
Убакыт: 06:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жашыл Кыргызстандын куралышы. Нуржигит Кадырбеков бир адамдан үч көчөт долбоорун сунуштады

22.02.2023 10:38
175
Жашыл Кыргызстандын куралышы. Нуржигит Кадырбеков бир адамдан үч көчөт долбоорун сунуштады

"Эртең кыямат болорун билсең, бүгүн бак отургуз" мына ушундай сөз менен бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кыргызстандыктарга кайрылды.


Депутат Кадырбеков бир адамдан үч көчөт долбоорун сунуштап, Кыргызстанды жашылдандырууга ар бир адамды салым кошууга чакырды.


"Жаз келди. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жок дегенде сени тарбиялаган атаңа, келечекте ден соолугу чын болсо экен деген балаңа анан өзүңө атап үч бак отургузалы.

Былтыр Айыл чарба министрлиги 6 миллион көчөт отургуздук дейт. Аны кайсы жерге отургузду билбейм.

Какыраган жер ошол бойдон турат. Дүйнө жашылдандырууга басым жасап жатат. Бирок бизде бакты кесип, жок кылып жатат.


Ошондуктан ар бир жаран жок дегенде 3 көчөт отургузуп, өлкөбүздүн бактылуу жашоосуна салым кошсун",- деди депутат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн