Чын курандын 15, 2025
Убакыт: 13:59
USD
87.40
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.035
1.085

Жашылча-жемиштердин баасы бир айда 16 пайызга өстү

24.06.2021 10:06
1102
Жашылча-жемиштердин баасы бир айда 16 пайызга өстү


Үстүбүздөгү жылы июнда май айына салыштырмалуу республика боюнча жашылча-жемиштердин баасы 16,4%га кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирет.


Ведомствонун маалыматы боюнча, бул аралыкта жашылча 19,5%га жана жемиштер 6,4%га (жаңы жемиштерге баанын өскөнүнүн эсебинен 7,0%) өстү. Муну менен катар эң көп кымбаттаган жашылча сабиз болгон, ага болгон баа – 1,6%га, картошканын баасы – 36,3%га, өрүктүн баасы - 2,2 эсе, ал эми алма 15,4%га көтөрүлгөн.


Бишкек шаарында картошканын чекене баасы республиканын орточо көрсөткүчүнөн (килограммына 58,44 сом) ашты. Сабиздин баасы Баткенде (килограмына 77,40 сом), Нарында (килограммына 75,46 сом) жана Бишкекте (килограммына 75,09 сом) эң жогорку чекке жеткен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн