Бугу 17, 2024
Убакыт: 23:54
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жашоо шартына карабастан бардык бөбөктөргө үч жашка чейин жөлөк пул берүү сунушталды

11.10.2023 12:52
861
Жашоо шартына карабастан бардык бөбөктөргө үч жашка чейин жөлөк пул берүү сунушталды


Колунда бар-жогуна карабай баласы үч жашка чыкканга чейин жөлөк пул берүү мыйзам долбоору сунушталды.


Ай сайын төлөнүүчү пособиенин суммасы 5000 сомдон кем болбошу керек деп белгиленген. Бул бийик тоолуу жана алыскы райондордо, өзгөчө статусу бар чек ара аймактарында жашаган үй-бүлөлөргө тиешелүү.


Демилгени депутат Камила Талиева көтөрүп, документ Жогорку Кеңештин кароосунда турат.


"Мыйзам долбоорунун максаты шарты катаал аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо болуп саналат. Бийик тоолуу аймактарда мектептер, дүкөндөр жана медициналык мекемелер алыс болгондуктан жол чыгымдары көп. Мындай шарттарда жашаган балдар көбүнчө климаттан келип чыккан ооруларга, ошондой эле башка кызматтардын жетишсиздигине туш болушат", — деп жазылган мыйзам долбоорунун негиздемесинде.


Учурдагы мыйзам боюнча ата-энеси көбүрөөк киреше тапса, балдарына жөлөк пул чегерилбейт. Эл өкүлү жогорку категориялар боюнча социалдык-экономикалык абалына карабай пособие берүүнү сунуштап жатат.

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Шарипа
Ошондо биз дагы киребизби
Гулкайыр
Уйун жакшына экен машина бар экен деп алты балам болсо да пособия албайм . Пособия чыгарган эже пенсияга чыкса деле иштен кетпейт . Жардамга май ун келсе да бизге бербей жол акысын толодук грузду тушургон балдарга бердик деп бизге берилгендерди кыскартып ошол жака жумшаган киши болуп корунот
Саралаева Рита Касымалиевна
Туура кыласыздар 3 жашка чейин балдарга жолок пул кк,себеби балдар ошол жашта ата энеге муктаж,туура тамактандыруу,оз убагында эмчек мн багуу,витаминдуу тамактандыруу кк
Мусакеева Жумакул
Биздин 4балбыз бар квартирада жашайбыз жолдошум таксиде иштейт мен уйдомун пасобияга дакмент апарсак машинанар бар экен деп берилбейт деп койгон жалгыз кишинин тапканы оп чап менен жетет ушундай үй бүлөлөрдү да карасаңар жакшы болмок