“Кыргызстан Жаштар Ынтымагы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү карантин учурунда азык-түлүккө муктаж болгон тургундарга кайрымдуулук кылды. Бул тууралуу аталган уюмдун мүчөлөрү социалдык тармак аркылуу кабарлады.
Маалыматка ылайык, уюмдун мүчөлөрү Ош шаарындагы Кулатов, Анар, Төлөйкөн кичи районундагы 547 үй-бүлөгө гуманитардык жардам пакетин беришкен.
Ал эми, көрсөтүлгөн кайрымдуулуктун жалпы суммасы 343 500 сомду түзгөнү айтылат.
Пикирлер (1)