Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:18
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жаштар борбору аймактарда иштей баштайт

06.03.2020 09:27
996
Жаштар борбору аймактарда иштей баштайт

Өлкөбүздүн 10 районунда жаштар борборунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов маалымат жыйында билдирди.


Анын айтымында, курулуштар жыйынтыкталгандан кийин, аталган борборлордо компьютер, фотоаппарат жана проекторлор менен жабдылып, жаштар ар кандай иш-чараларды өткөрө алат.


"Мурда жаштар борбору бир мекеменин имаратында ачылып келген. Негизинен алар алыскы райондордо жана чек ара аймактарына жакын жерлерде болот. Ошондой эле бул долбоордун алкагында ал жерлерге бизнести колдоо максатында гранттар бөлүнүп берилет", - деди Парханов.


Маалым болгондой, борборлор Балыкчы, Кара-Балта, Кара-Буура, Кочкор, Исфана шаарларына, Нариман айыл өкмөтү, Чекабат айылы, Сузак жана Базар-Коргон райондорунда курулат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн