Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:36
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

“Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси Ошто дезинфекциялык иштерди жүргүзүүдө (фото)

08.04.2020 11:59
1075
“Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси Ошто дезинфекциялык иштерди жүргүзүүдө (фото)


  • Ош шаарында 18-марттан 6-апрелге чейинки 21 күн ичинде “Кыргызстан жаштар ынтымагы” коомдук бирикмеси тарабынан 257 объект, 879 подъездде дезинфекциялык иш-чаралар жүргүзүлдү, деп билдиришти аталган коомдук бирикмеден.


  • Алардын маалыматы боюнча, Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн 879 подъези, 10 мамлекеттик ишкананын имараты, 3 бала бакчанын имараты, 7 жатакана, 8 кичи базар, Юридикалык академиянын 3 имараты, балдар аянтчалары, көчөнүн аялдамалар жана таштанды таштоочу урналар залалсыздандырылды.

Бул иштердин аткарылышына жалпысынан 307 600 сом акча каражаты сарпталган.

Коомдук бирикме 2018-жылы түптөлгөн, алар кайрымдуулук иштери менен алектенип келишет. Өлкөнүн 7 дубанындагы мүчөлөрдүн саны 2000ден ашат.

 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
медет
ушул партияны колдоймун шайлоодо. башканар келбегиле мени шайла деп. азыр каяктасынар баарынар
Алмазбек Тургунов
Мамлекет мага эмне кылды эмес, Мен мамлекетке эмне кылдым - деген жаштар... Ар дайым эл учун мамлекет учун зор салым кошуп, талыкпаган эмгек кылган активдуу жаштардан куралган "КЫРГЫЗСТАН ЖАШТАР ЫНТЫМАГЫ" Коомдук бирикмесине терен ыраазычылык билдирем....