Теке 07, 2024
Убакыт: 04:32
USD
85.70
86.60
EUR
92.60
93.60
RUB
0.955
1.000

Жаштар күнүн белгилөөнү ноябрдан сентябрга жылдыруу сунушталды

28.06.2024 11:46
411
Жаштар күнүн белгилөөнү ноябрдан сентябрга жылдыруу сунушталды


Өлкөдө 30-сентябрды Жаштар күнү катары белгилөө сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоорун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомдук талкууга чыгарды. 


Өкмөттүн 2002-жылдын 14-январындагы токтомуна ылайык, учурда бул даталуу күн 10-ноябрда белгиленип келет.


"Жаштар күнү  өсүп келе жаткан муунга, анын көйгөйлөрүнө жана жетишкендиктерине тиешелүү маселелерге көңүл бурууга багытталган маанилүү окуя. Бирок майрамдоонун учурдагы датасы, 10-ноябрь кемчиликтерге ээ. Жаштар күнүн 30-сентябрга жылдыруу иш-чаралардын натыйжалуу жана ыңгайлуу өтүшүнө салым кошо алат, ошондой эле климаттык жана башка аспектилерди эске алат", — деп жазылган негиздемеде.


Анда белгиленгендей, ноябрда суук болуп, массалык иш-чараларды өткөрүүгө ыңгайсыз. Ал эми сентябрь жылуураак жана жаан-чачын да азыраак жааган мезгил экени айтылган. Ошондой эле сентябрда белгилөө жаштардын окуусуна тоскоолдук жаратпай турганы жүйө катары келтирилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн