Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Анварбекович Оморканов менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы.
Жолугушууда Канат Кеңешович Айваз Анварбековичти Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти болуп дайындалышы менен куттуктады.
Ошондой эле, Канат Кеңешович Мамлекеттик агенттиктин колдоосу менен Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүүгө ар тараптуу колдоо жана жардам болооруна ишендирди.
Эске салсак, Оморканов Айваз Анварбекович Эл аралык хоккей федерациясынын тарыхындагы эң жаш вице-президент болуп калды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн