Бугу 05, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жаштарды министр, аким кылып көрдүк, бирок тажрыйба жетишпейт экен, - Садыр Жапаров

27.04.2021 00:04
1209
Жаштарды министр, аким кылып көрдүк, бирок тажрыйба жетишпейт экен, - Садыр Жапаров


"Бизде кадрлар боюнча өтө кыйын экен. "Кадровый голод" жок эмес, бар", - деди өлкө башчысы Садыр Жапаров АКИpress агенттигине маек берип жатып.



Анын айтымында, өкмөттүн курамы өзгөртүлбөйт. Ал эми акимдер түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө ротация болот.


"Ылдый жактагы кадрлар боюнча, акимдерди тандап бүттүк. Алар да жакын арада ротация болот. Түндүктүн жигиттеринин баарын түштүккө, түштүктүкүн түндүккө алып келип, акимдерди ротация кылып алмаштырабыз. Андан кийин бара-бара айыл өкмөттөрдү дагы караштырып көрөбүз. Акыркы 10-15 жылда элибиз бөлүнүп-жарылууга ыктап кетти. Биз ошону жок кылып, бир эл, бир жер, ынтымакты чыңдоо саясатын жүргүзөбүз", - деди Садыр Жапаров.


Президент жаш кадрлар көп экендигин, бирок аларга тажрыйба жетишпей жатканын кошумчалады.


"Жаштарды алып келип коёюн десең, баары бир тажрыйба жетпейт экен. 3-5 жылдап аларды окутуп, үйрөтүш керек. Жаштардан министр кылып деле көрбөдүкпү, аким да кылдык, губернатор да кылып көрдүк. Жакшы, билимдүү балдар бар, бирок тажрыйба жетпей калат экен. Ошондуктан айла жок, кээ бирин алмаштырууга, тажрыйбасы бар адистерди алып барууга туура келди", - деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн