Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 17:36
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жаштык коштошпой кетсе, карылык салам айтпай келет

20.06.2024 11:00
452
Жаштык коштошпой кетсе, карылык салам айтпай келет


Картайган кезинде ата-энесин карабай койгон адам эч качан бейишке кирбейт.

(Мухаммед пайгамбар)


Карылык – бул башталуунун соңу.

(Михаил Гуцериев)


Жаш кезинде билим алган адам картайганда эрикпейт.

(Екатерина II)


Мага жигиттерде карылардын, ал эми карыларда болсо жаштардын жакшы сапаттары болгону жагат.

(Марк Туллий Цицерон)


Картайган кезде мен өзүм тартылган тасмаларды көргөндөн көрө, өзүмдүн балдарымды караганым жакшы.

(Моника Беллуччи)


Жаш кезде чарчасаң да өзүңдү картаң кезде эс алып жатканга караганда жакшыраак сезесиң.

(Андрей Гарольдович Кнышев)


Биздин балдарыбыз – биздин карылыгыбыз.

(Александр Пушкин)


Тарбия – карылыкка эң мыкты күлазык.

(Аристотель)


Бала кезде биз булочка, нан, чоңойгон кезде арак-шарап, картайганда болсо айран, сүт алабыз.

(Ашот Сергеевич Наданян)


Акча бизди карылыктан куткара албайт, карылыктан өлүм гана куткарат.

(Деннис Хоппер)


Карылык электричка сыяктуу: бир карасаң тээтиякта, бир карасаң эле жаныңа келип калган болот.

(Михаил Жванецкий)


Карылыктын трагедиясы ушунда – буттарың башыңдын айтканын укпай калат.

(Илья Шевелев)


Эскерүүлөр – бул карылыктын байлыгы.

(Фаина Раневская)


Карылыктын бир жакшы жагы – керексиз сөздөрдү сүйлөбөй каласың.

(Леонид Зорин)


Жаш кезде адам “картайганда керек болот” деп акча чогултат, картайганда болсо “өлгөнүмдө керек болот” деп чогултат.

(Жан де Лабрюйер)


Карылыкка балалыктын көзү менен караш керек.

(Зафар Мирзо)


Картайган кезде анын чачы агарган жок, анткени анын башы таз болчу.

(Никита Богословский)


Карылык ушундай курак, батиңкеңдин боосун байлаганы эңкейгенде “мынча болду дагы эмнени кошо жасай коёюн” деп ойлойсуң.

(Михаил Задорнов)


Карылык – жаңылык эмес.

(Андрей Кнышев)


Ар бир адамдын өзүнүн Ыйык Елена аралы бар, ал арал – карылык деп аталат.

(Элиза Ожешко)


Жаш кезде денең – көрктүү кийим, картайган кезде – табыт.

(Марина Цветаева)


Мен карылыктан коркпойм, жалгыздыктан корком.

(Одри Хепбёрн)


Бактылуу кишиде карылык болбойт. Сулуулукту көрө билген киши картайбайт.

(Франц Кафка)


Картайган кезде шайтан да кечил болуп кетет.

(Василий Ключевский)


Карылык арстан сыяктуу: байкалбай келип, “шап” басып калат.

(Ашот Наданян)


Карылыктын келечеги жок, демек, үмүтү да жок.

(Татьяна Соловова)


Канчалык кууса да карылыкка жеткирбей койгон кишилер бар.

(Евгений Антонюк)


Карылык жаман мезгилде келет.

(Сью Бандуччи)


Такай колдонулбаган буюм бат эскирген сыяктуу, активдүү иштеп жашабаган киши да эки эсе бат картаят.

(Арнольд Беннет)


Карылык – бул бир кездеги классташтарың чачтары агырып, беттерин бырыш басып, сени тааныбай калганы.

(Беннет Серф)


Эгер альтернативасы менен салыштырып көрсөң, карылык анчалык деле жаман эмес.

(Морис Шевалье)


Картаң кишилер жаштарга кеңеш айткандай, эгер мүмкүнчүлүгү болгондо өлгөндөр да тирүүлөргө кеңеш айтышмак.

(Вилла Катер)


Өлүм келе электе эле өлүп калба.

(Билли Конноли)


Билем, өлүмдү алдай албайсың, бирок карылыкты алдаса болот. Мен аны өмүр бою эле алдап келатам.

(Дарвин Дисон)


Дат баскандан көрө эскирген жакшы.

(Ричард Камберленд)


Эгер биз жаман иштерди жасабай калсак, демек, картайган экенбиз.

(Эрих Мария Ремарк)


Жаштык коштошпой кетсе, карылык салам айтпай келет.

(Орус накылы)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн