Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:59
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды

19.05.2022 14:06
992
Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси пара алып жаткан жеринен кармалды


    КР УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 342-берененин 2-бөлүмүнүн 4-пункту (Пара алуу) боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмштын алкагында Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


    Такталгандай, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды. 


     Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө соттук-медициналык экспертизанын кызматкерлери тарабынан ар кандай мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө алып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. Тактап айтканда, аталган мекеменин кызматкерлери тарабынан пара алуу боюнча 10дон ашык фактылар аныкталып документтештирилген 

   

  Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн