Жайыл районунда 18 жаштагы кызды баш кошуу максатында ала качкандар кармалды. Бул тууралуу райондук милициядан кабарлады.
11-апрелде Кара-Дөбө айылынын тургуну милицияга кайрылып, анын 2003-жылы туулган кызын ала качкандарга чара көрүүнү суранган.
Аталган иш КЖБРне катталып, кылмыш иши козголгон.
Милициянын ыкчам кызматынын аракети менен 1999-жылы туулган С.А., 1998-жылы туулган Ш.Б. жана 1999-жылы туулган С.М. аттуу жарандар кармалды.
Кызды ала качкандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн