Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 18:09
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды

26.08.2024 15:56
914
Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды


Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө "Дан" мамлекеттик ишканасына таандык Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 375 га айыл чарба багытындагы жер 2005-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, андан ары жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Аталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө Башкы прокуратура тарабынан келтирилген прокурордук актынын негизинде жалпы баасы 134 млн 73 миң 600 сомду түзгөн жер тилкеси толугу менен мамлекеттик баланска алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн