Бугу 22, 2025
Убакыт: 14:57
USD
87.30
87.80
EUR
98.80
99.80
RUB
1.095
1.125

Жайыл районунда балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жаран изделүүдө

22.05.2025 11:02
21
Жайыл районунда балык уулоого кетип, дайынсыз болгон жаран изделүүдө


Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон 28 жаштагы эркек адамдын сөөгүн издөө иштерин уланууда.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, издөө иштерине бүгүн Жайыл райондук №22 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 8 куткаруучу, 1 дрон тартылды.


Эске салсак, 2025-жылдын 19-майында болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылкы Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайырмагы суунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.


Кечээ, 21-май күнү ИИМдин өтүнүчүнүн негизинде жерине издөө иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМден 10 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 23 адам, жалпы 45 адам тартылды. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:45те издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн кайрадан улантууга чыгышты.


Кошумча маалымат берилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн