Бугу 05, 2024
Убакыт: 07:00
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жайыл районунда травматикалык тапанчадан үч киши жаракат алган

Жайыл районунда травматикалык тапанчадан үч киши жаракат алган


Жайыл районунда травматикалык тапанчадан үч киши жаракат алганын Чүй облустук милициясынан кабарлашты.


Окуя 6-ноябрь күнү саат 02:30 чамасында Новониколаевка айылында болгон. Үч эркек жергиликтүү жашоочуларды сабап, андан соң травматикалык тапанча менен атып, из жашырышкан.


"Атылган октон үч киши жарадар болуп, аймактык ооруканага жеткирилген. Кылмыш кодексинин "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгон. Шектүүлөр табылып убактылуу кармоо жайына киргизилген. Алардан травматикалык тапанча табылган. Аталган иш боюнча тергөө уланууда", — деп билдиришти милициядан.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн