Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:37
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жайыл районундагы Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунда электрондук кезек ишке кирди

03.02.2020 10:05
737
Жайыл районундагы Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунда электрондук кезек ишке кирди

Чүй оболусуна караштуу Жайыл районунда Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунда дарыгерлерге электрондук кезек менен кирүү ишке ашты. Бул тууралуу борбордун жетекчиси Айнура Имашева маалымдады.

Анын айтымында, бул жаңы нерсени кѳпчүлүк билбейт, себеби электрондук кезек декабрь айынан баштап иштеп баштаган. Буга чейин алгач дарыгерлер атайын окутуулардан ѳтүшкѳн. Электрондук кезек башка аймактарда да ишке кирген. 

«Дарыгерге кезекке жазылуу үчүн registratura.med.kg. сайтына кирип «дарыгерге жазылуу» деген баскычты басканда автоматтык түрдѳ кийинки баракчага ѳтѳсүз. Ал жерге сиз уюлдук телефон номериңизди жана ИННди жазасыз. Сизге ыңгайлуу убакытты жана дарыгерди тандайсыз. Белгиленген күнү талон менен дарыгерге кире аласыз », -деп түшүндүрдү райондук Үй-бүлѳлүк дарыгерлер борборунан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн