Бирдин айы 07, 2025
Убакыт: 17:57
USD
87.30
87.80
EUR
90.60
91.60
RUB
0.890
0.920

Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 млн сомду кымырып алгандар кармалды

31.01.2025 16:09
243
Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 млн сомду кымырып алгандар кармалды


Жайыл районунун ирригация тутумуна бөлүнгөн 17 млн сомду кымырып алгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасындагы коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалык иштердин жүрүшүндө ирригациялык системаны жакшыртууга багытталган бюджеттик акча каражатын чыгаруу фактысы аныкталды.


Тактап айтканда, Жайыл районунун Ак-Башат айыл аймагынын мурдагы башчысы (азыркы Панфилов районунун Курама а/а башчысы) К.У.Т., подряддык компаниянын директору А.у.Т. менен биргеликте ирригациялык каналдарды орнотуу боюнча тендерди өткөрүүдө республикалык бюджетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.


КР Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын көлөмү 17 млн сомдон ашкан.


Кармалган адамдар соттун чечими менен Жаза аткаруу кызматынын №21 мекемесине камакка алынды.


Учурда бул кылмыш ишинин алкагында башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн