Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 05:57
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жайылда дин кызматкерлери ооруканага жардам көрсөтүштү

16.07.2020 10:57
1122
Жайылда дин кызматкерлери ооруканага жардам көрсөтүштү


Жайыл райондук ооруканасына жергиликтүү мечиттин жамааты 1 даана кычкылтек концентраторун жана пульсоксиметр алып беришти. Бул тууралу райондун имамы Нурдан ажы Өмүралиев билдирди.


Анын айтымында, алар күндүзгү стационар бөлүмдөрүндө, тез жардам бөлүмүндө жана райондук ооруканада кызмат өтөп жаткан 60дан ашуун медицина кызматкерлерине түшкү ысык тамак уюштурушту. 


«Элибиздин биримдигине, кайрымдуулугуна чет мамлекеттер суктанып жатат. Мындан да оор заманда, мындан да оор учурлардан элибиз кайрымдуулугу менен жеңишке жетип келген. Учурдан пайдаланып өз өмүрлөрүн тобокелге салып, күн-түн дебестен талыкпай эмгек кылып жаткан дарыгерлерге, ыктыярчыларга терең ыраазычылыгымды билдирем. Бут күндөр да өтөт. Ал эми сиздердин элге кылган кызматыңыдардын үзүрүн дүйнөдө да, Кудай Тааланын алдында да көрөсүздөр», — деди имам. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн