Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 04:26
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Жаз жарыш, күз күрөш деп элге үрөн таратып жатабыз, - Касымалиева

14.04.2020 13:24
1812
Жаз жарыш, күз күрөш деп элге үрөн таратып жатабыз, - Касымалиева


Жаз жарыш, күз күрөш деп элге үрөн таратып жатабыз деген билдирүүсүн Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева фейсбук баракчасына жазды.  


Анда ал элге азыр тамак-аш менен бирдей эле үрөн да өтө зарыл экендигин андыктан ал урук таратуу демилгесин баштагандыгын жазган.  


Эл өкүлүнүн билдирүүсүн өзгөртүүсүз беребиз: 

"Эмне себептен элге үрөн таратууну колго алып жатабыз?

Өткөндө айрым үй-бүлөлөргө азык-түлүк таркатып жүрүп, ун-май тез эле түгөнүп каларын, талаалар жана үй алдындагы жерлер бош калганын байкаганбыз. Жаз жарыш, күз күрөш эмеспи, анын үстүнө карантин убагында үрөн, урукка жетпей калгандар көп болууда. Бул жолу 4 тонна картошка өз эсебимен алып берип, Өзгөн районунун айрым айыл аймактарына тараттык. Дыйкандарга жардамды мамлекеттик деңгээлде да карап жатабыз. Үрөөн алып келип, таратууда коопсуздук жагын да өзгөчө карадык. Мындай акция өлкө боюнча кеңири колго алынат жана улантылат деген үмүттөмүн. Элибизде токчулук болсун!".

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн