Президент Садыр Жапаров “КР Жаза аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзам сот-укуктук реформанын алкагында жаза аткаруу тармагы боюнча кабыл алынган мыйзам актыларын жакшыртуу жана Жазык аткаруу кодексинде (ЖАК) белгиленген соттолгондордун укуктарын жүзөгө ашыруу максатында иштелип чыккан.
Кабыл алынган мыйзамдын негизги ченемдери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- жалпы режимдеги түзөтүү жана тарбиялоо абактарында жаза өтөөнүн эксперименттик режими бар обочолонгон участокту түзүү мүмкүнчүлүгү каралган, бул ведомстволук актылар менен аныкталат.
- бойго жете элек балдары бар соттолгондор үчүн, эгер ал баланын жалгыз гана ата-энеси болуп эсептелсе баласы (балдары) менен жолугуу үчүн белгилүү мөөнөткө жаза өтүп жаткан мекемеден тышка чыгуу укугу бекитилет.
- соттолгонду жалпы билим алуу укугун ишке ашыруу максатында бир мекемеден экинчи мекемеге которуу мүмкүнчүлүгү каралат.
- өзгөчө режимдеги мекемелерде жазасын өтөп жаткан соттолгондор үчүн акы төлөнүүчү жумушчу орундарды жана эмгек шарттарын түзүү каралат.
- соттун чечими менен түрмөгө которулганда жазанын мөөнөтүн жана шарттуу эрте бошотуу үчүн мөөнөттөрдү эсептөө үчүн эрежелер белгиленет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн