Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:40
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрда жарыктуу болот

08.06.2020 11:52
1096
Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрда жарыктуу болот


Жалал-Абад облусунун Жазы-Кечүү айылы 1-сентябрда электр энергиясы менен камсыз болот. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди. Ал алгачкы электр мамычаны орнотууга катышканын белгилеп, бул долбоордо 18 чакырым аба чубалгысы тартыларын маалымдаган.


“Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнө караштуу Жазы-Кечүү айылында калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн алгачкы электр мамычаны орнотууга катыштым. Бул долбоордо 18 чакырым аба чубалгысы тартылат, «Жалалабатэлектро» ААКнын эсебинен каржыланат. Биз өткөн айда компаниянын базасында электр мамыча чыгара турган цехтин ачылуу аземине катышканбыз. Ал жерден өндүрүлгөн мамычалар ушул айылга багытталат. Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында бул айыл электр энергиясы менен камсыз болот деп күтүүдөбүз. Долбоордун жалпы суммасы 25 млн сомду түзөт. «Жалалабатэлектро» ААКоому өз каражатына курат”, - дейт Назаров.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн