Учтун айы 15, 2025
Убакыт: 15:47
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.840
0.880

Жазында Нарында бетон аралашмасын чыгарган завод ишке кирет

15.01.2025 10:55
34
Жазында Нарында бетон аралашмасын чыгарган завод ишке кирет

Жаздын чыгышы менен Нарында бетон заводу ишке кирет. Мындай маалыматты "Оливин" ЖЧКнын өкүлдөрү президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, завод саатына 70-80 м3 бетон аралашмасын чыгарууга жөндөмдүү.

Сапаров облустун аймагындагы ишканалардын иштөөсүнө мамлекет тарабынан бардык мыйзамдуу шарттар түзүлүп, колдоого алынарын белгиледи.

Учурда бетон аралаштыруучу 4 атайын техника (бетономешалка) келди. Бетон заводу ишке кирген учурда Нарын шаарындагы ипотекалык үйлөрдү дагы бетон аралашмасы менен толук камсыздоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Эске салсак, 2024-жылдын сентябрь айынан тарта Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу "Запин-2" участогунда "Оливин" ЖЧКсынын саатына 160 тонна таш майдалоочу кубаттуулугу бар, кум-шагыл аралашмасын чыгаруучу заводу иштеп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн