Бак тигүү – эртеңки күнгө ишенип, үмүт кылуу.
(Одри Хепберн)
Эгер көрө билсең бүт аалам бактан турат.
(Френсис Ходжсон Бернетт)
Эгер кыш болбогондо, жаз мынчалык жагымдуу болмок эмес.
(Анна Бредстрит)
Жаратылыш шашпайт, бирок баардык нерсени өз убагында жасайт.
(Лао-Цзы)
Гүл бар жерде үмүт да бар.
(Леди Берд Джонсон)
Жаз – пландар менен долбоорлордун мезгили.
(Лев Толстой)
Прогноз кандай экенине карабай, кудум жаз келгендей жаша.
(Лилли Пулитцер)
Жер гүл болуп күлөт.
(Ральф Уолдо Эмерсон)
Эгер адамдар бири-бирин сүйбөсө, жаздын эч кандай мааниси болмок эмес.
(Виктор Гюго)
Кыштан кийин сөзсүз жаз келерин ойлоп, дайыма алга умтулуш керек.
(Клариса Пинколо Эстес)
Жаз келгенде гүлдөр өзү эле ачылат.
(Кытай накылы)
Жаздын бүткөнү жай келгенин билдирбейт.
(Марат Кетро)
Жаз – бул чыныгы кайра жаралуу, өлбөстүктүн бир бөлүгү
(Генри Девид Торо)
Биздин жүрөгүбүздүн түшүнө дайыма май айы кирсин.
(Сергей Есенин)
Жаз эртеби-кечпи баары бир келет.
(Марк Леви)
Жылдык планды жазында түз, күндүк планды эртең менен түз.
(Кытай накылы)
Жаз – чыныгы керемет!
(Дженни Даунхэм)
Эгер кыялын көздөй умтулса, жазында ар кандай киши сулуу болуп кетет.
(Стивен Кинг)
Жазды күткөн – бейишти күткөн сыяктуу.
(Стивен Кинг)
Жетишет, мен жазсыз жашай албайм!
(Владимир Высоцкий)
Жаз – өлүүнүн эмес, жашоонун мезгили.
(Лиза Джейн Смит)
Дарак гүлдөшү үчүн аны бутагандын өзү жетишсиз, жаз да келиши керек.
(Антуан де Сент-Экзюпери)
Жаз дайыма асмандан башталат.
(Аль Квотион)
Февралдан корком – чыйрыктырган кыштан жан эргиткен жазга өткөндөн корком.
(Эльчин Сафарли)
Кыштын суугуна тоңбогон жаздын баркын билбейт.
(Роб Буйе)
Өлсөк да жазында өлсөк экен.
(Иван Тургенев)
Жаз жай менен, кыш жаз менен достошот. Күз гана дайыма жалгыз.
(Петр Квятковский)
Жер шарындагы эң чоң сүрөтчү Леонардо да Винчи да, Пикассо да эмес, ал – жаз.
(Фен Цзицай)
Жаз ар кандай адамга таасир этет. Атүгүл муз да эрип кетет.
(Эмиль Кроткий)
Жаздын желаргысынан бакыттын жыты келет.
(Уршула Зыбура)
Табияттын жазы жыл сайын келет, аны эч ким токтото албайт, адамдын жазы болсо өтүп кетет, эч ким аны артка кайтара албайт.
(Елизвета Дворецкая)
Жаз өтмүштү опоңой унута алат.
(Франс Эмиль Силланпяя)
Жазында, жердин тоңу эриген мезгилде адамдардын жүрөгү да жумшара түшөт.
(Максим Горький)
Сүйүү – жакшы сезим. Ал жаздын сезими.
(Валерий Ободзинский)
Жаздагы бир көз ирмем күзүндөгү бир жумадан жакшыраак.
(Адам Мицкевич)
Апрель суусу, май чөбү менен кызык.
(Орус накылы)
Жаз – бул жаратылыш бизге “шаттансаңар боло!” деп айткан мезгил.
Апрель келген сайын Жараткан жашоо китебин кайрадан жазып чыгат.
(Остин О'Малли)
Көрсө, биз кышты гана эмес, жазды деле билбейт турбайбызбы.
(Лия Арден)
Жаз баары бир келет. Кээ бир жылдары ал жолдон адашып калат, бирок акыр аягында чыйырын кайра табат.
(Стивен Кинг)
Жазында башы айланып, өзүн жоготпогон деги ким бар?
(Курт Веннегут)
Даярдаган: Мамат Сабыров
Булак: “Азия Ньюс” гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн