Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 00:09
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жээнбек Куленбеков, климатолог: “Абанын булганышы – рак, жүрөк ооруларына алып келет”

16.12.2022 20:52
6224
Жээнбек Куленбеков, климатолог: “Абанын булганышы – рак, жүрөк ооруларына алып келет”


- Кыш келгени кайра эле борбор калаабыздын ышка капталган кейиштүү көйгөйү айтыла баштады. Ден соолукка да бир топ зыян келтирери ыраспы?


- Ооба. Биз "кандай себептерден улам аба булганып жатат?” деген суроого илимий негизде жооп издеп келебиз. Бишкекте көмүр жакканга караганда газ коюу көбүрөөк ыңгайлуу эле. Газдын да таасири бар, бирок көмүрдөй өтө зыяндуу эмес. Муну тез арада колго алуу зарыл. Эл сырттан карап туруп эле “ТЭЦтен түтүн чыгып, бизди басып жатат” деп көргөн нерселерин айтып жатышат. Күн жылыган учурда чаң дагы көтөрүлөт. Эл ошол чаңды жутуп жатат. Ал эми автоунаалардын түтүнү өзүнчө көйгөй. Ушунун баары эле абанын кирдешине булак болууда. Чаңда көп зыяндуу нерселер чогулган. Дүйнө жүзүнүн окумуштууларынын изилдөөсүнө таянсак, РМ 2,5 , РМ 10 дегендер бар. Булар эң майда бөлүкчөлөр, микром деп коёт. Ал биздин өпкөбүзгө кирип, чогулуп, кан аркылуу жүрөгүбүзгө таасир берип, жүрөк ооруларына алып келүүдө. РМ 10 дегени чоңураагы. Ал өпкөгө кирип, рак ооруларына алып келет. Ошол нерселерди изилдөөгө алуу өтө зарыл.


Жамиля Нурманбетова

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн