Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жээнбек Кулубаев Анталия шаарында азербайжандык кесиптеши менен жолукту

01.03.2024 15:55
221
Жээнбек Кулубаев Анталия шаарында азербайжандык кесиптеши менен жолукту


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн Түркияда III Анталья дипломатиялык форумунун аянтчасында Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов менен жолугушту.

КР тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларга даярдыктарды талкуулашты.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун жана башка эл аралык жана регионалдык уюмдардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын өз ара аракеттенүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун соңунда министр Жээнбек Кулубаев Азербайжандык кесиптешинКыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн