Бугу 17, 2024
Убакыт: 08:54
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жээнбек Кулубаев Антальядагы дипломатиялык форумга катышат

29.02.2024 12:50
127
Жээнбек Кулубаев Антальядагы дипломатиялык форумга катышат


Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 1-3-мартта Антальяда өтчү 3-Анталья дипломатиялык форумуна катышат.

ТИМден билдиришкендей, форумдун алкагында министр Жээнбек Кулубаевдин бир катар өлкөлөрдүн тышкы иштер ведомстволорунун жетекчилери менен жолугушуулары, ошондой эле панелдик сессияда сөз сүйлөөсү пландалууда.

«Кризис учурунда дипломатияны өнүктүрүү» деген темага арналган форумга 60тан ашык өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле 80ге жакын эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн