Бугу 06, 2024
Убакыт: 03:28
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жээнбек Кулубаев: Азыркы учурда Киевдеги элчини башка өлкөгө которуу туура эмес

03.05.2023 17:09
370
Жээнбек Кулубаев: Азыркы учурда Киевдеги элчини башка өлкөгө которуу туура эмес

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Украинадагы элчиликтин ишмердүүлүгү боюнча депутаттарга маалымат берди.


Анын айтымында, элчи бүгүнкү күндө толук функцияларын аткарып жатат.


"Биздин Киевдеги элчибиз канча айдан бери согуштук абалга карабай өз ишин алып барып жатат. Аны азыркы учурда башка өлкөгө которуп туруу туура эмес болуп калат. 

Алардын коопсуздугу үчүн бардык чаралар көрүлгөн. Ошондой эле Кыргызстанга келип кетүүгө да ыңгайлуу шарттар түзүлгөн",- деди министр.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн