Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 11:41
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Жээнбек Кулубаев Борбор Азия лидерлеринин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн билдирди

21.07.2022 14:23
522
Жээнбек Кулубаев Борбор Азия лидерлеринин жыйыны ийгиликтүү өткөнүн билдирди


КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, мамлекет башчылары Борбор Азия өлкөлөрүнө тиешелүү ири жана кеңири форматтагы маселелерди талкуулады.

Атап айтсак, тараптар төмөнкү маселелерди талкуулады:

- Борбордук Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук, жалпы коопсуздукту сактоо, Афганистандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү, кибер жана маалыматтык коопсуздук боюнча биргелешкен чараларды көрүү мүмкүнчүлүгү;

- Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы соода-экономиканы өнүктүрүү, логистикалык байланыштарды куруу, азык-түлүк коопсуздугу, соода-логистикалык борборлорду чыңдоо мүмкүнчүлүгү, транзиттик мүмкүнчүлүктөр, товарларды жеткирүү, алардын баасын арзандатуу, товар жүгүртүүнү көбөйтүү.

- Энергетикалык коопсуздук;

- Биргеликте өнүгүү, инвестиция тартуу, өз ара инвестициялоо, биргелешкен ишканалар, өндүрүш жана өнөр жай кооперациялары;

“Бүгүнкү жолугушуу абдан ийгиликтүү өттү деп эсептейм, бардык катышуучулар Борбор Азия мамлекеттери биригип, биргелешип иштеп, өнүгүүсү керек деген маселени бир добуштан билдиришти", - деди ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн