Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Файды кабыл алды.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогду мындан ары кеңейтүүнүн, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө, анын ичинде туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле эки өлкөнүн маданий-гуманитардык багыттагы өз ара аракеттешүү маселелерине да көңүл бурулду.
Элчи Николя Фай өз кезегинде, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий мамилелерди өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын айтып, соода жүгүртүүнү көбөйтүү, Кыргызстанга инвестиция тартуу жана маданий алмашууну кеңейтүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле глобалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн