Бугу 17, 2024
Убакыт: 05:42
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жээнбек Кулубаев Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багерини кабыл алды

01.02.2024 14:35
150
Жээнбек Кулубаев Ирандын ТИМ башчысынын орун басары Али Багерини кабыл алды


Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы Жээнбек Кулубаев ТИМдер аралык кезектеги саясий кеңешмелерге катышуу үчүн Бишкекке келген Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багерини кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Кулубаев саясий диалогдун жакшы деңгээлин жана Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелердин ырааттуу өнүгүп жатканын белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө, анын ичинде өз ара соода жүгүртүүгө, инвестициялык байланыштарды жогорулатууга, транспорт-логистика тармагында, айыл чарба, туризм жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Кулубаев кыргыз-иран мамилелерин мындан ары кеңейтүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен сунуштарды иштеп чыгуу максатында министрликтер аралык саясий кеңешмелердин жемиштүү өтүшүн каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн