Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 22:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жээнбек Кулубаев Италия президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушту

30.05.2024 11:12
235
Жээнбек Кулубаев Италия президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушту


Римде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италия президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин күн тартибинин актуалдуу темалары, атап айтканда, саясий диалогду бекемдөө жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Италия президентинин дипломатиялык кеңешчиси Фабио Кассезе өлкөлөр ортосундагы саясий байланыштардын активдешүүсүн оң маанайда белгилеп, италиялык тарап Кыргызстан менен кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Италиянын Европа биримдигиндеги маанилүү ролун белгилеп, биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да кеңейишине үмүттөнөрүн белгиледи.

Ал Кыргызстан Италия менен кызматташууну мындан ары да эки тараптуу негизде, ошондой эле ЕБ жана эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрүүгө ниеттенгенин баса белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн