Бугу 17, 2024
Убакыт: 12:04
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жээнбек Кулубаев, КР тышкы иштер министри: “2023-жылы тышкы саясатка байланыштуу 170 иш-чара өттү”

02.01.2024 10:53
277
Жээнбек Кулубаев, КР тышкы иштер министри: “2023-жылы тышкы саясатка байланыштуу 170 иш-чара өттү”


- Жээнбек Молдоканович, жакында жыл жыйынтыгын өткөрүп, саресеп салдыңыздар. Узап бараткан жылы президент Садыр Жапаров тышкы саясатта активдүүлүгүн көрсөтүп, иш сапарларга арбын чыкканы белгилүү. Канчалык деңгээлде жемиштүү, пайдалуу болду деп эсептейсиз?


- Чынында эле 2023-жыл тышкы саясый иш-чараларга бай болду. Быйыл баардык уюштурулган иш-чаралар тышкы саясый өнөктөштөрүбүз жана эл аралык уюмдар менен мамилелерди, кызматташтыкты өнүктүрүүгө, биздин улуттук кызыкчылыктарыбызды илгерилетүүгө багытталды. Жалпысынан алганда, 2023-жылы тышкы саясатка байланыштуу 170 иш-чараны жүзөгө ашырыптырбыз. 


Биринчиден, президентибиз, урматтуу Садыр Нургожоевич бир катар чет өлкөлөргө мамлекеттик, расмий жана жумушчу сапарларды жасады. Алар: Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан, Кытай, Монголия, Япония, Түркия, Венгрия, Америка Кошмо Штаттары, Германия, Франция, Сауд Арабия Падышалыгы, Бириккен Араб Эмираттары. 


Экинчиден, биз дагы чет өлкөлүк жетекчилерди кабыл алдык. Боордош Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович Мирзиёевдин жана Россиянын президенти Владимир Владимирович Путиндин расмий сапарлары уюштурулду. Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келген Катардын эмири, улуу даражалуу шейх Тамим бин Хамад Аль-Танини жылуу тосуп алдык. Мындан тышкары, Европа Бирлигинин президенти Шарль Мишель, Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана Кытайдын премьер-министри Ли Цяндын сапарларын иштеп чыктык. 


Үчүнчүдөн, быйыл Кыргызстан бир катар жогорку деңгээлдеги жыйындарды өткөрүп, эл аралык дипломатиялык борборго айланды. 2023-жылы Кыргызстан КМШ уюмундагы төрагалыгын сапаттуу жана жемиштүү жүргүздү. Күзүндө Бишкекте өткөн КМШ саммиттине Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстандын президенттери катышышты. Жайында Чолпон-Атада Борбор Азия – Европа Бирлиги саммитин уюштурдук. Ага Европа Бирлигинин президенти Шарль Мишель жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери келишти. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров эки саммитте тең төрагалык кылды. Мындан тышкары, октябрь айында Бишкекте ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ өкмөт жетекчилеринин жолугушууларын удаа-удаа өткөрдүк. 


Белгилей кетчү нерсе, быйыл ушундай активдүү тышкы саясат менен биз КР президентинин койгон тапшырмаларын аткарууну көздөдүк. Тактап айтканда, улуттук коопсуздукту сактоо, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү, жашыл экономика жана энергетиканы өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, климатты сактоо жана тоолуу аймактардын кызыкчылыктарын илгерилетүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Ар бир уюштурулган иш-чара айкөл кыргыз элибизге сезиле турган натыйжаларга алып келерине ишеним артам.


- Мындан ары Россия менен Кыргызстандын мамилеси кандай алкакта өнүгөт? Жаңы баскычтар, кандайдыр бир өзгөрүүлөр орун албайбы?


- 2023-жылы Россия менен кызматташтыгыбыз жылдагыдай жигердүү болду. Эки президенттин деңгээлинде иш сапар уюштурдук. 7-9-майда президент Садыр  Жапаровдун Россияга расмий сапары болуп өттү. Кремлде биздин өлкө жетекчибиз Россиянын президенти Владимир Путин менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Россия стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерди тереңдетүү жөнүндө биргелешкен билдирүүнү кабыл алды. 9-майда президент Садыр Нургожоевич Москванын Кызыл аянтында Улуу Жеңиш парадына сый конок катары катышты. Андан тышкары, Ржев шаарында курман болгон кыргызстандык жоокерлердин мемориалдык эстелигин ачып келди. Ал эми беш ай өткөндөн кийин Россиянын президенти Владимир Путинди расмий сапары менен Кыргызстанда тостук.


Эки иш сапардын жыйынтыктары катары Каракол шаарындагы М.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу, окутуу орус тилинде жүргүзүлүүчү тогуз биргелешкен жалпы билим берүү мекемесинин курулушун баштоо тууралуу макулдашылганын белгилеп кетсек болот. 1-сентябрда мамлекет башчыларынын деңгээлинде телекөпүрө форматында Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларында мектептердин курулушунун башталышы катары капсулаларды салуу аземи өткөрүлдү. 11-октябрда Жалал-Абад шаарында КР менен РФ өнөр жай кооперациясына арналган 10-юбилейлик Кыргыз-Россия региондор аралык конференциясы болуп өттү. Анын жыйынтыгында 3 миллиард АКШ доллары жалпы суммасына бизнес-долбоорлор боюнча макулдашууларга кол коюлду.


Бүгүн, эртең жана келечекте Кыргызстан Россия менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин бекемдөө саясатын жүргүзөт. Эмдиги жана жакынкы жылдары Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлиги президенттер тарабынан коюлган тапшырмаларды ишке ашырат. Ал үчүн бүт күч аракетибизди жумшайбыз.


- Кытай мамлекети менен карым-катыш ойлондурбайбы? Маселен, визалардын ачылуусуна тоскоолдуктарды кантип чечсе болот? Ошол эле Россия, Казакстан өлкөлөрүнүн бизнесмендерине Кытай менен алака кылууда жеңилдиктер берилгенин байкайбыз...


- Бүгүн коңшу Кытай Эл Республикасы менен болгон мамилебиз жана кызматташуубуз жогорку деңгээлде турат. Үстүбүздөгү жылдын 17-20-майында президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапарын уюштурдук. Биздин өлкө жетекчибиз Кытайдын президенти Си Цзиньпин менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 


Эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүү Кытайга болгон мамлекеттик сапардын олуттуу жыйынтыгы болуп калды. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы доордо баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюлду. Эки коңшу өлкөнүн жетекчилеринин соода-экономикалык келишимдерин ишке ашыруу максатында август айында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Үсөнбекович Жапаровдун Кытайдын СУАРына иш сапары иштелип чыккан. Келишимдерге ылайык, Кыргызстан гранттык жардам түрүндө 300 миллион юань алды, ал эми кытайлык ишкерлер тарабынан 520 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция берилет. Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, бүгүнкү күндө Бишкектен Кытайдын үч ири шаарына туруктуу түз авиакаттамдар менен барып келүүгө болот: Үрүмчү, Сиань, Чэньду. Келерки жылдын март-апрель айынан тарта “Пекин-Бишкек-Пекин” түз аба каттамын ишке киргизүү пландаштырылууда. Эми кытай визасын алуу маселеси боюнча иш тынымсыз жүргүзүлүүдө. КР ТИМ кытай тарап менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар жеңилдиктер орун алды.


Жакында эле Кытай тараптан атайын штрих-код менен чакыруу алып келүү талабы жокко чыгарылды. Бул чара биздин ишкерлерге жана Кытайга расмий иш сапары менен бара турган жарандарга абдан чоң жеңилдик болду. Анткени мурун виза алуу маселесинде эң чоң көйгөйдү атайын чакыруу жаратып келген. Мындан тышкары, мурун Кытай Эл Республикасынын Бишкектеги элчилиги виза маселелери боюнча жарандарды үч эле күн кабыл алып келсе, үстүбүздөгү жылдын 17-декабрынан баштап, Кытай элчилиги виза маселелери боюнча жарандарды күн сайын кабыл ала баштады.


- АКШ, Батыш өлкөлөрү менен келечегибизди кандайча аныктасак болот?


- Акыркы жылдары Европа Бирлиги, анын 27 мүчө өлкөсү, АКШ жана Япония менен кызматташтыгыбыз ырааттуу өнүгүп келе жатат. Биз алар менен саясый мамилени өнүктүрүүгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө кызыкдарбыз. Быйыл эле отуздан ашык ар түрдүү тышкы саясый иш-чаралар өткөрүлдү. Бул Кыргыз Республикасы гана эмес, Батыш, Чыгыш өлкөлөрү да өз ара мамилелерди күчөтүүгө кызыкдар экенин айгинелейт деп эсептейм.


Жогоруда айтып кеттим эле, Чолпон-Атада Борбор Азия – Европа Бирлиги саммитин уюштурдук. Күзүндө болсо Нью-Йоркто президентибиз Садыр Нургожоевич Борбор Азия – АКШ саммитине катышып, АКШнын президенти Джозеф Байден менен жолугушуу өткөрдү. Андан соң Садыр Жапаров Берлин шаарына учуп барып, Борбор Азия – Германия саммитине катышып, Германиянын Канцлери Олаф Шольц жана президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ошондой эле ноябрь айында Кыргыз Республикасынын президентинин Японияга расмий сапары болуп өттү. Анын алкагында биздин мамлекет башчыбыз Япониянын императору Нарухито жана премьер-министри Фумио Кисида менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан тышкары Париж шаарында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү жана мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык конференцияда сөз сүйлөдү.


Жакынкы келечекте күч-аракеттин баары кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө жана тереңдетүүгө жумшалат. Жашыл экономиканы жана энергетиканы өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу, соода-сатык көлөмүн кеңейтүү, транспорт байланыштарын ачуу жана башка иш-чараларды ишке ашыруу биздин тышкы саясатыбыздын максаты болот. 


- Тышкы саясатта 2024-жылы жасала турган айрым урунттуу иштериңизге токтоло кетсеңиз?


- Биз бүгүнкү күндө баардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкта жетишкен ийгиликтерибизди баалайбыз жана мамилелерибизди сапаттуу деңгээлге көтөрүү үчүн дагы көп күч-аракет жумшоого даярбыз. ТИМ биздин улуттук кызыкчылыктарыбызга жооп берген ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясат жүргүзөт. Мамлекетибиздин эгемендигин жана көз карандысыздыгын чыңдоого, өлкөнүн коопсуздугун, коргонуу жөндөмдүүлүгүн, экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга жана чет өлкөлөрдө кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого багытталган тышкы саясатты улантат. Ошондуктан бүткүл дүйнө – Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азия, Түштүк Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү менен кызматташууга даярбыз.


Маектешкен: Асланбек Сартбаев 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн