Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 09:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан Венгрия менен мамилелерди чыңдоого кызыкдар

19.09.2024 14:25
570
Жээнбек Кулубаев: Кыргызстан Венгрия менен мамилелерди чыңдоого кызыкдар


Бишкекте Кыргыз-Венгер стратегиялык кеңешинин IV жыйыны өтүүдө. Анда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өлкөгө расмий сапар менен келген венгриялык кесиптеши Петер Сийяртого кубанычта экендигин белгиледи.

Ошондой эле ал анын стратегиялык өнөктөштүктү арттырууга кошуп жаткан салымын жогору бааланарын айтты.

“Сиздин бүгүнкү иш сапарыңыз жана бул жолугушуу биздин эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана тереңдетүүгө жаңы кадам болот деп ишенем. Жыл сайын өтө турган Стратегиялык кеңештин алкагындагы биздин үзгүлтүксүз жолугушууларыбыз жана саясий диалогубуз өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет. Тыгыз кызматташууну жана координациялоону талап кылган азыркы саясий кырдаалда биз венгер тарап менен мамилелерди чыңдоого жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга кызыкдарбыз. Сиз менен Кыргызстанга расмий сапарыңыздын алкагында жолугуп жатканыма абдан кубанычтамын жана Кыргызстан сиздин экинчи үйүңүз экенин айткым келет”, - деди Кулубаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн